Аскар Салымбеков балбан Алибек Осмоновго батир белек кылды

Ишкер Аскар Салымбеков балбан Алибек Осмоновго бир бөлмөлүү батирге сертификат белек кылды.

Белгилей кетсек, кечээ, 1-ноябрда Күрөш федерациясы ушул жылы эл аралык ири мелдештерде – дүйнө биринчилигинде, Азия оюндарында жана башка эл аралык турнирлерде жеңишке жеткен спортчуларды сыйлаган.

Иш-чарада эл аралык турнирлерде жеңишке жеткен Кыргызстандын балбандарына 17 миллион сом акчалай сыйлык бөлүп берилди. Спортчулардын артында талыкпай эмгек кылган машыктыруучулар менен дарыгерлер да өзгөчө сыйга татыды.

Федерациянын президенти Мелис Турганбаев спортчуларды жаркын жеңиштери менен куттуктап, эл аралык аренада өлкө намысын коргоп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Спортчулардын атынан Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков, Эрназар Акматалиевдер сөз сүйлөп, федерацияга ыраазычылык билдиришти.

2 Ноябрь 2023 жыл 19:54
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча