Аскат Жетиген тил каттын негизинде бошотулду

Бүгүн, 18-мартта акын, ырчы Аскат Жетигендин бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралды. Ал Кыргызстандын сыртына чыкпоо тил катынын негизинде сот залынан бошотулду.

Маалыматтарга караганда, Аскат Жетиген Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Нарында кармалып, Бишкекке алып келинген. Ага видео билдирүүлөрүнөн улам «бийликти басып алууга чакырык жасаган» деп шек менен 2022-жылы кылмыш иши козголгон.

УКМК аны 48 саатка камакка алганы 16-мартта белгилүү болгон.

Атайын кызмат расмий маалымат бере элек.

18 Март 2024 жыл 15:54
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча