Аскерге чакыруунун жазгы өнөктүгү башталат

Президент Садыр Жапаров аскерге чакыруунун жазгы өнөктүгүн баштоо тууралуу жарлыкка 20-феварлда кол койду. Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын март-май айларында чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, аскерге баруу мөөнөтүн кийинкиге жылдырууга укуктары жок эркек жарандар Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн катарына чакырылат. Ошондой эле алар башка аскердик түзүмдөрүнө, мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарга мөөнөттүү аскердик кызматка жана альтернативдик кызматка чакырылат.

Мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүмдөрүнүн катарынан запаска бошотулат.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргызстандын милдеттүү аскердик кызмат өтөө мыйзамдарына ылайык, аскерге чакыруу жазында жана күзүндө болот. Аскерде кызмат өтөөнүн мөөнөтү — бир жыл.

28 Февраль 2024 жыл 14:58

Тема боюнча