Автобус коюп кеткен аял ооруканада каза тапты

6-декабрда Бишкек шаарындагы эл ташыган муниципалдык автобус жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден коюп кеткен аял бир күндөн кийин ооруканада каза тапты.

Ал «Тез жардам» менен бейтапканага жеткирилгенин Бишкек шаардык жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы ырастады.

Маалыматка караганда, окуя Лермонтов жана Көлбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Кылмыш иши козголуп, иликтөө-тергөө иштери жүрүп жатат. Автобус айып жайына киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

7 Декабрь 2023 жыл 17:16

Тема боюнча