Бүгүн, 16-апрелде спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында 60 кг чейинки салмакта Жоламан Шаршенбеков атаандашын 23 секундада жеңип жарым финалдык баскычка жетти.
Балбан өзбек балбаны менен юет келишкен.
Белгилей кетсек, бүгүн Азия чемпионаты жыйынтыкталат. Анын алкагында грек-рим күрөшү боюнча 5 медаль топтому ойнотулуп, өлкө намысын 5 балбан коргойт.
Мелдештер Бишкектеги шаардык “Бишкек Арена” муз аянтчасында өтүүдө.