«Азиз» базарындагы өрт толук өчүрүлдү

Бишкектин Махатма Ганди көчөсүндө жайгашкан «Азиз» базарынан чыккан ири өрт саат 13:50дө толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрттүн аянты болжол менен 900 чарчы метрди түзөт. Жабыркагандар жок.

Белгилей кетсек, өрттү өчүрүүгө жалпы 60 өрт өчүрүүчү, 8 күжүрмөн эсеп, Кризисттик кырдаалдарда башкаруу борборунан оперативдүү топ дрону менен тартылды. Мындан сырткары, Бишкек суу каналынан 3 суу ташуучу унаа жардамга келди.

15 Декабрь 2025 жыл 15:18
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча