Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн саат 9:47де Тажикистандын аймагында очогунда күчү 5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргызстандын аймагында жер силкинүү Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Тейит, Карамык, Шибе айылдарында 4 балл, Дароот-Коргон, Жар-Башы, Жаш-Тилек айылдарында 3 баллга (Кара-Тейит айылынан 16 чакырым түштүк чыгышта, Карамык айылынан 15 чакырым түштүктө, Баткен шаарынан 124 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.