Баетов – Макмал унаа жолу селден тазаланып, эки тараптуу каттам ачылды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, 21-июнда катуу жааган жамгырдын кесепетинен Баетов – Макмал унаа жолунун 50-52-чакырым аралыгында тоо коктусунан чоң көлөмдөгү суу келип, жолдун айрым тилкелерин суу жеп кеткен.
«Кырдаалга байланыштуу ыкчам түрдө тиешелүү техникалар тартылып, жолду сел калдыктарынан тазалоо иштери жүргүзүлдү. Учурда унаа кыймылы үчүн каттам эки тараптуу ачылды», — деп айтылат маалыматта.