Бишкекте таштандыдан табылган ымыркайдын 21 жаштагы энеси кармалып, Октябрь райондук ички иштер бөлүмүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу милициядан кабарлашты.
Ал Кылмыш-жаза кодексинин 37-125-беренесине (“Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүсү”) шек саналып жатат.
Милициянын маалыматында таштандыдан табылып, №1 төрөт үйүнө жеткирилген ымыркайдын абалы туруктуу.