Тажикстандын Жогорку соту «Ориенбанктын» мурдагы биринчи орун басары Шухрат Исматуллоевди барымтага алуу жана өлтүрүү боюнча айыпталгандардын иши өндүрүшкө түшкөнүн тастыктады. Сот алдында 14 адам жооп берет.
Жогорку Соттун расмий өкүлү 27-ноябрда “Озоди” радиосуна билдиргендей, эрежеге ылайык, судья алгач иш менен таанышып чыгып, андан соң сот отурумун белгилейт. Дата декабрдын башында аныкталат.
Сот жараяны кандай режимде өтөрү азырынча белгисиз.
Белгилүү банкирди барымтага алуу жана өлтүрүү Тажикстанда эң чуулгандуу кылмыштардын бири болуп калды. Быйыл 23-июнда кылмыштуу топ банкир Шухрат Исматуллоевди уурдап кетип, аны өлгүчө кыйнап, андан соң сууга ыргытып жиберген. Анын сөөгү дээрлик эки айдан кийин Пенжикенттин Зарафшон дарыясынан табылган.