Баракелде! Шаршенбеков Париж Олимпиадасында коло медал утту

Париждеги Олимпиада оюндарында кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков коло байгенин ээси болду.

Грек-рим күрөшү боюнча 60 кг чейинки салмак ченинде күч сынашкан Шаршенбеков ирандык Мохсен Нежад Мехдини 3:1 эсебинде жеңди.

Ал 5-августта өткөн мелдештерде Казакстан менен Румыниянын спортчуларын эки жолу жеңген. Ал эми жарым финалда япониялык Кеничиро Фумита менен беттешип, жеңилип калды.

6 Август 2024 жыл 23:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча