Баткен: Бала бакчага кезекте тургандар миңден ашты

Баткен шаарында бала бакчага баруу үчүн кезекте миңден ашуун бала турат.

Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди. Маалыматка караганда, азыр мамлекеттик алты бала бакча иштеп жатат. Алар жалпы 626 орунга ылайыкташканы менен 1400дөн ашык бала тарбияланууда.

Ал эми алты менчик бала бакчага 400дөй жеткинчек барат.

Бала бакча тартыш болгондуктан, жергиликтүү бийлик 2024-жылы АРИС уюму менен биргеликте 140 орундуу бала бакча курууну караштырып жатат.

29 Ноябрь 2023 жыл 17:18

Тема боюнча