
Бүгүн Баткенде финансылык алдамчылыктан коргонуу, кибер кылмыштуулуктун алдын алуу жана коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышы боюнча жыйын өттү.
Жыйынга президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов жетекчилик кылып, бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, анда Ички иштер министрлигинин академиясынын илимий кызматкерлери финансылык алдамчылыктын, укук бузуулардын алдын алуу, кибер кылмыштуулукка каршы тасирдүү ыкмаларды жайылтуу жана каржылык сабаттуулуктун деңгээлин көтөрүү боюнча түшүндүрмө беришти.
Жыйында төмөнкү маселелерге өзгөчө көңүл бурулду:
акыркы учурларда мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын жетекчилеринин атынан алдамчылык фактылары катталып жаткандыгына байланыштуу, ар бир кызматкерге финансылык алдамчылыктан коргонуу боюнча жеке эрежелерди билүүсү керектигин жеткирүү;
финансылык алдамчылык көйгөйүн массалык маалымат каражаттары аркылуу чагылдыруу;
Баткен облусундагы билим берүү бөлүмдөрүнүн, орто жана жогорку окуу жайлардын жетекчилери, мектептердин окуучуларына, жогорку окуу жайларынын студенттерине белгилүү мессенджерлерде катталган жалган аккаунттарды сатууга туюу салынгандыгы боюнча профилактикалык лекцияларды, сабактарды өткөрүү.
Мобилдүү байланыш кызматтарына да жарандардын коопсуздугу үчүн бир катар сунуштар айтылды:
SIM-карталарды жана абоненттерди милдеттүү түрдө каттоо, анын ичинде баардык корпоративдик номерлерди компанияга эмес, абоненттерге каттоо;
SIM-карталарды сатуучуларга (промоутерлерге) каттоону токтотуу;
Кыргызстандан сырткары жашаган чет өлкөлүк жарандарга SIM-карталарды онлайн каттоого тыюу салуу;
бир жылдын ичинде бир адамга 5 SIM-картадан ашык катталбасын;
SIM-карталарды каттоо биометрикалык маалыматтар аркылуу жүргүзүлсүн;
ар бир жаран өз алдынча SIM-карта каттоого тыюу салуу.
Ал эми коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышы боюнча прокуратура кызматкерлери маалымат берип, КР коррупция жана жемкорлук боюнча укуктук актыларга жана ченемдик-укуктук актыларга киргизилген өзгөрүүлөр боюнча маалыматтар эскертилди.