Лейлек районунун Раззаков шаарында курулуш объектилери текшерилди.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө шаар куруу мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталды.
Алсак, А. Азизов жана Додосьян көчөлөрүндө эч кандай уруксат берүүчү документтери жана архитектуралык макулдашуусу жок курулуп жаткан дүкөн-контейнер жана чайкана аныкталды.
Мыйзам бузган жарандарга (Х. М. А. жана Р. Ш. А.) карата расмий актылар түзүлүп, айып пулдар салынды. Курулуш иштери мыйзам бузуулар толук жоюлганга чейин токтотулду.
Министрлик жарандарды жана курулуш компанияларын кандайдыр бир имаратты баштаардан мурда бардык тиешелүү уруксат кагаздарын өз убагында алууга чакырат.