Баткенде техникалык коопсуздук талаптарын сактабаган компанияга айып салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Текшерүү учурунда Кызыл-Кыя шаарынын Ленин көчөсүндө курулуп жаткан 7 кабаттуу турак үйдүн курулушунда техникалык коопсуздук талаптары сакталбагандыгы аныкталган.
Натыйжада курулуш иштерин жүргүзүп жаткан «Золотой Квадрат» ЖЧКга карата Укук бузуулар кодексинин негизинде акт түзүлүп, 200 миң сом айып пул салынды.