Бейбаштыкка айыпталгандар эки айга камалды

Бишкекте бейбаштыкка шектелип кармалган алты жарандын бөгөт чарасы 9-апрелде Ленин райондук сотунда каралды. Шектүүлөр Руслан Самудин уулу, Азамат Марипов, Эркланбек Тагаев, Мирлан Стамов, Илимбек Истамов (Исраилов) жана Нурак Акимов эки айга камалды.

Сот шектүүлөрдүн баарын Бишкектин Тергөө абагында (СИЗО-1) 8-июнга чейин кармоого чечим чыгарды.

Алты кишиге тең Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” жана “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренелери менен айып коюлуп, «кылмыш адамдар тобу менен жасалган» деп айыпталып жатканын «Азаттыкка» алардын адвокаты Памир Суранбаев билдирди.

Бишкек шаардык милициясы 8-апрелде бейбаштыкка шек саналып алты адам кармалганын кабарлаган. Маалыматка караганда, 7-апрелде Бишкектин Ленин райондук милициясына Б.Д. аттуу адам кайрылып, 6-апрелде тамактануучу жайлардын биринде топ адамдар анын денесине залал келтирип, узак убакыт бою мыйзамсыз кармашканын айтып арызданган.

Бул фактынын негизинде Ленин райондук милициясынын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгында арыздануучyнун башы жабыркап, мээси чайкалып, астыңкы эрини жырылып кеткени аныкталган.

Бул боюнча кылмышка шек саналып, 1985-жылы туулган М.А., 1981-жылы туулган А.Н., 1984-жылы туулган С.Р., 1981-жылы туулган Т.Э., 1988-жылы туулган И.И. жана 1984-жылы туулган С.М. аттуу жарандар Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

10 Апрель 2024 жыл 11:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча