Алымкадыр Бейшеналиев дарыгерлердин айлыгы кайрадан көтөрүлүп, 1 000 долларга жетерин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн ЖК комитетинин жыйынында билдирди.
“Садыр Жапаров экөөбүз 2020-жылы дарыгерлердин айлыгын 1 миң долларга чейин жеткиребиз деп сүйлөшкөнбүз. Президент азыр Саламаттык сактоо министрлиги менен Финансы министрлигине эсептеп чыгып, медиктердин айлыгын көтөрүү боюнча тапшырма берди. Бул суроону чечип жатабыз”, — деди министр.
Бирок айлык качан көтөрүлөрү так айтылган жок.
Министр 2020-жылдан бери ак халатчандардын маянасы 2 жолу көтөрүлүп, учурда орточо эмгек акы 22 миң сом болсо, аймактык дарыгер 30 миң сомдон жогору аларын кошумчалады.