Бир аптада 200дөн ашуун мас айдоочу кармалды

Кыргызстандын аймагында 26-февралдан 3-мартка чейинки аралыкта 21 миң 61 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу 4-мартта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматы маалымдады.

Анын ичинде тийиштүү документтери жок автоунаа башкаргандар 251, мас абалында унаа башкаргандар 231, автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткандар 75.

Мындан сырткары жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар 1 015, транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуулар 3 187, автоээнбаштык фактылары 2, белгиленген ылдамдыктан ашуу фактылары 3 600 жана жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу фактылары 2. Башка жол эрежелерин бузуу фактылары 12 700 учур.

Бул эреже бузуулардын ичинен 1 208 автоунаа ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу айып короосуна киргизилген.

4 Март 2024 жыл 13:57
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча