Кочкор районунун жаштары менен болгон жолугушууда күрөш боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандын желегин өзгөртүү маселеси боюнча өз пикирин айтты.
Ал бир гана желекти тааный турганын жана ал желектин астында көптөгөн спортчулар аракет кылып, ийгиликтерге жетишип келгенин билдирди.
«Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери мен бир гана желекти тааныдым. Биз ушундай аракеттерди жасап, аны желбиретүүгө болгон аракетибизди кылып жатабыз. Ушул желектин астында ийгиликтерге жетишип жатам», — дейт спортчу.