Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Атайын адистештирилген ротасы Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында рейддик иш-чаранын алкагында бир күндө мас абалында унаа башкарган 30 айдоочуну кармады.
Бул “Бахус” аталышындагы рейддик иш-чара айдын аягына чейин уланат.
Эскерте кетсек, мас абалында унаа айдагандар Укук бузуу кодексине ылайык, бир жылдык мөөнөткө унаа башкаруу укугунан ажыратылат.