Бишкек — Ош жолунда сөөк алып бара жаткан унаа кырсыктап, 3 киши каза болду

Бишкек — Ош жолунда сөөк алып бара жаткан унаа кырсыктап, үч киши каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ саат 21:30дар чамасында болгон.

«Сузак районундагы Ак-Тоок айылынын 51 жаштагы тургуну Р. уулу А. өзүнүн Honda Elysion унаасы менен сөөк алып бара жатып, карама-каршы тилкеге чыгып, 28 жаштагы Ж.А.А. башкарып келе жаткан жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Кырсыктан Honda Elysion унаасынын 50 жана 19 жаштагы жүргүнчүлөрү каза болгон. Айдоочу да жеринде көз жумган», — деп айтылат маалыматта.

Учурда тиешелүү органдар кырсыктын себептерин тактап жатат.

21 Февраль 2025 жыл 19:59
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча