Бишкек-Торугарт унаа жолунда төрт күн катары менен таш кулатылат

14-18-октябрда Бишкек-Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.
Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Бул күндөрү саат 09:00дөн 15:00гө чейин ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башкы инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулат. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге багытталат. 30-40тан ашык унаа топтолсо, таш түшүрүү иштери токтотулуп, унаалардын өтүшүнө жол ачылат.

Ишканадан белгилешкендей, иш-чара сел жана таш кулоолордун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

14 Октябрь 2024 жыл 9:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча