“Бишкекасфальтсервис” ишканасынын кызматкерлери акцияга чыкты

“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын ондон ашык кызматкери айлык акыны көтөрүү жана ишкананын директору Эмил Жамаловду кызматтан кетирүү талабы менен 25-мартта Бишкек мэриясынын алдына нааразылык акцияга чыкты.

Алардын өкүлдөрү ушул тапта шаар бийлигинин жетекчилери менен жолугушуп жатат.

“Бишкекасфальтсервис” шаардын жолдорун салуу, оңдоо иштерин аткарат. Асфальт-бетон аралашмаларын, темир-бетон буюмдарын, жол жана жол куруу материалдарын даярдайт жана чыгарат.

25 Март 2024 жыл 11:17
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча