Бишкекте №145 автобустун жана №192 маршрутканын кыймылы өзгөрдү

Бишкек шаарында №145 автобустун жана №192 маршрутканын кыймылынын айрым бөлүгү өзгөрдү.

Мындан ары, №145 автобус Ахунбаев көчөсү аркылуу Молдокулов көчөсүнө бурулуп, Куланак көчөсүнө чейин барат. Ал эми №192 маршрутканын кыймылы Ибраимов көчөсүнөн (шаарды айланып өткөн чоң жол) “Бишкек автобекетине” чейин узарды.

Белгилей кетсек, мындай чечим шаар тургундарынын кайрылууларынын негизинде кабыл алынды.

12 Март 2024 жыл 11:42
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча