
16-апрелде Бишкек шаарындагы “Мурас” турак жай комплексинде 476 үй-бүлөгө батирлердин ачкычы тапшырылды. Бул — турак жай менен камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштин алкагындагы кезектеги этап.
Белгилүү болгондой, “Мурас” комплекси “Менин үйүм” мамлекеттик программасынын негизинде Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулууда.
Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин айтымында, бул күн — жөн гана курулуш объектисинин бүткөн күнү эмес, жүздөгөн үй-бүлөлөр үчүн жашоонун жаңы баскычынын башталышы.
«Бул — миңдеген тилектердин, жылдар бою топтолгон үмүттүн ишке ашкан күнү. Ар бир ачылган батирде үй-бүлөнүн тарыхы башталат. Ар бир бала, эгер өз үйү болсо — эртеңине ишенет. Биз дал ошол ишенимди куруп жатабыз», — деди Туманбаев.
Анын айтымында, учурда өлкө боюнча турак жай менен камсыз кылуу иштери системалуу жана ырааттуу негизде жүрүп жатат.
«Бул — жарнама эмес. Бул — мамлекеттик чечим, системалуу иш жана элге болгон чыныгы жоопкерчилик. Президент Садыр Жапаровдун түз колдоосу менен бүгүн бүтүндөй өлкө боюнча миңдеген үй-бүлөлөр үчүн эшиктер ачылып жатат. Бул иштерди “жетишкендик” катары эмес, болушу керек болгон мамлекеттик стандарт катары кабыл алып жатабыз», — деп белгиледи ал.