Бишкекте №55, №56, №226 автобустардын каттамы өзгөрдү

Бишкекте 9-апрелден тарта №55, №56 жана №226 автобустардын каттамы жарым-жартылай өзгөрөт, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

№56 автобус Кожобергенов көчөсү менен Чоң-Арык айылына чейин барат.
№55 автобус Ахунбаев, Чортеков, Муромский, Селекционное көчөлөрү менен ЖЭБ-2ге чейин жүрөт.
Ошондой эле №226 автобустун каттамы мурдагы калыбына келтирилди. Ал Сухэ-Батор, Юнусалиев жана Медеров көчөлөрү менен каттайт.

Мэриядан бул чаралар шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун алкагында ишке ашкандыгын кошумчалашты.

9 Апрель 2024 жыл 9:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча