Бишкекте Бакаев көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

Бүгүн, 20-августта Бакаев көчөсүнүн Л. Толстой көчөсүнөн (азыркы Шабдан баатыр көчөсү) Кочкор көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чектөө жол оңдоо иштерине байланыштуу киргизилүүдө.

Мэрия шаар тургундары жана конокторун жол каттамдарын алдын ала пландап, альтернативдүү айланма жолдорду тандоону белгилейт.

20 Август 2026 жыл 9:59
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча