Бишкекте бел боо күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өттү

11-12-апрель күндөрү Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда бел боо күрөшү боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргызстандын чемпионаты болуп өттү.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышты.

Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды.

15 Апрель 2025 жыл 9:30
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча