Бишкекте кезектеги ипотекалык үйлөрдүн ачкычтары ээлерине тапшырылды

Бүгүн Бишкекте кезектеги ипотекалык батирлердин ачкычтары ээлерине тапшырылды.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров, президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев катышты.

Белгилей кетсек, аталган объект Бишкек шаарынын Чыңгыз Айтматов проспектиси, 102/1 дарегинде жайгашкан. Комплексте бир бөлмөлүү — 216, эки бөлмөлүү- 216, үч бөлмөлүү -180 батир камтылган.

Жаңы комплекс бардык коммуналдык кызматтар менен камсыздалган. Өзүнүн жылытуу жана электр энергия системасы бар. Ал эми газ, суу жана канализация борбордук тармактарга туташтырылган.

Эске салсак, батирлер төмөнкү категориялар боюнча берилет:

  • Мамлекеттик ипотекалык компанияга катталган кезектеги жарандар;
  • алгачкы 50% төлөө шартында үлүштүк курулуштун негизинде;
  • биринчи кезектеги социалдык категориядагы жарандар жана мамлекеттик кызматкерлер үчүн тизме боюнча:

Министрлер кабинетинин чечими менен айрым социалдык категориядагы жарандарга артыкчылык берилген, бул мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, көп балалуу үй-бүлөлөр, жалгыз бой энелер.

Мындан ары ипотекалык үйлөр электрондук тизме менен гана берилет. Айрым социалдык категориядагы жарандар ипотекалык үйлөрдү социалдык ипотека аркылуу ала алышат.

11 Апрель 2025 жыл 15:28
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча