Бишкекте оңдоп-түзүүдөн соң Кишинев көчөсү ачылды

Бишкекте капиталдык оңдоодон кийин Кишинев көчөсү жүргүнчүлөр үчүн ачылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Кишинев көчөсүнүн Достоевский көчөсүнөн Пархоменко көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолду.

Оңдоо иштерин «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жүргүзүп, эски асфальттар алынып, жер кыртышы казылып, негизи аныкталып, асфальт төшөө үчүн даярдык иштери жүргүзүлүп, асфальт-бетон аралашмасы төшөлдү.

16 Ноябрь 2023 жыл 16:12
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча