Бишкекте окуучулар эс-учун жоготуп талаада жаткан видео тарады

Бишкекте окуучулар эс-учун жоготуп талаада жаткан видео тарады.

Маалыматка ылайык, окуя Ак-Ордо жаңы конушунда тартылган. Анда эки өспүрүм белгисиз заттын таасири менен эс-учун билбей жатканы тартылган.

Жергиликтүү тургундар балдар клей жыттап же психотропттук заттарды колдонгонун божомолдошууда. Ата-энелери чакыртылып, балдарды Тез жардам кызматы алып кеткен.

Милиция окуя териштирилип жатканын кабарлап, ата-энелерди балдарды жана алардын айланасын тыкыр көзөмөлдөөгө чакырды.

24 Февраль 2025 жыл 12:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча