Бишкекте полу тешилеген № 2 троллейбустук каттамдагы троллейбус убактылуу линиядан чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек троллейбус башкармалыгынан билдиришти.
«Аныкталган мүчүлүштүктөр, тактап айтканда, полдун тешиги жана ичинин кирин жоюу боюнча зарыл чаралар көрүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.
Айдоочуга санитардык нормаларды бузгандыгы үчүн сөгүш жарыяланган.