
Бишкектин Алтын-Ордо көчөсү 14 дарегинде жайгашкан №98 орто мектептин жанында жаңы жол пайда болот.
Муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, топуракты иштетүү, ирригациялык системаны жана жол бордюрларын орнотуу иштери жүрүп жатат.
Тактап айтканда, капиталдык оңдоо иштери Алтын-Ордо 9 көчөсүнөн Алтын-ордо 1 көчөсүнө чейин жүргүзүлүп, узундугу 700 погон метрди түзөт.
Белгилей кетсек, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын бригадасы топурак иштетүү иштерин аяктап, учурда бордюрларды орнотуу иштери башталды.