Бишкектеги Айтматов проспекти кандай болуп өзгөрөт? Эскиз

Бишкектеги Айтматов проспекти реконструкциядан кийин ушундай болот. Эскизди президенттин иш башкармалыгы жарыялады.
«Президенттин тапшырмасы менен проспект кеңейтилип жатат. Жарыктандыруу жаңыртылып, ирригациялык каналдар жердин асты менен кетет, тротуарлар веложолдордон өзүнчө бөлүнөт. Буюрса ишти майдын соңунда аяктайбыз», — деди президенттик иш башкармалыктын жетекчиси Каныбек Туманбаев.

Эскизде проспектинин эки тарабындагы «дублер» жолдор көрсөтүлгөн. Буга чейин Бишкек мэри Айбек Жунушалиев эл менен жолукканда ошол жолдордон баш тартышарын билдирген.

26 Март 2025 жыл 17:57
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча