Бишкектеги «Дордой Моторс» базарынын соодагерлери кайра митингге чыгышты

Бишкектеги «Дордой Моторс» базарынын соодагерлери кайра митингге чыгышты. Бул тууралуу Reporter.kg’ басылмасы жазды.

Ишкерлер электрондук счет фактура (ЭСФ) жана Электрондук товардык-транспорттук коштомону (ЭТТН) колдонууга каршылык билдиришүүдө. Алардын айтымында, Салык кызматынын бул талаптарын аткаруу үчүн алар бухгалтер алып, ашыкча чыгымга учурайт. Соодагерлер ККМ-аппаратын орнотууга каршы эместигин белгилейт.

Алар маселеси чечилмейин ишке чыкпай турганын айтышты.

Белгилей кетсек, 1-июлдан тарта соодага патент жоюлуп, базарлар жаңы салык тартибинде иштөөгө өтөт.

10 Июнь 2024 жыл 11:38

Тема боюнча