Бишкектеги түнкү клубдардын иштөө убактысын кыскартуу сунушталды

Ишкер Аскар Салымбеков эл өкүлдөрү менен күч органдарына түнкү клубдардын иштөө убактысын кыскартуу сунушу менен кайрылды.

Ал Ботаникалык бактын жанында жашагандыктан таңкы саат 5-6да үйдүн жанындагы клубдан кыз-жигиттер мас абалында чыгарын айтты. Салымбеков мындай көрүнүш күндө кайталанарын, алар уруш-талаш менен коштолорун белгиледи.

«Клубдар түн жарымга, мейли, саат бирге чейин иштесин, бирок андан кийин жабылышы керек да. Түнкүсүн адам эс алып, эртең менен ишке кетиши керек», — деди бизнесмен.

18 Апрель 2025 жыл 17:12
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча