
Бишкектеги «Тартуга» эс алуу борборунун аймагындагы объектилер алынууда.
Мэриядан билдиришкендей, Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын адистери Биринчи май райондук администрациясы, муниципалдык менчикти башкаруу боюнча департаменти жана «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте Малдыбаев көчөсү 24В дарегинде жайгашкан «Тартуга» эс алуу жайына берилген муниципалдык жер тилкесинин иш жүзүндөгү чектерин аныктоо боюнча комиссиялык иш-чара уюштурушту.
Иш-чаранын жүрүшүндө жерди текшерүүдө муниципалдык аймакта тиешелүү уруксат документтери жок курулган турак эмес жайлар аныкталган.
Аталган эс алуу жайынын ээсине КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 149-беренеси боюнча 100 000 сом административдик протокол түзүлдү.
Жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында, менчик ээси өз ыктыяры менен үч объектти: эки капиталдык имаратты (турак эмес жайлар) жана бир жеңил объектти (дүкөн) демонтаждоо иштерин жүргүзгөн.
«Башкармалык мындан ары да муниципалдык жерлерди мыйзамсыз пайдаланууну аныктоо жана алдын алуу боюнча жигердүү иштерди жүргүзүп, бардык жарандарды жерди пайдалануу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого чакырат»,-деп айтылат маалыматта.