Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкулов 1 айга камалды

Мыйзамсыз курулган коммерциялык объектилерди калкалаганы үчүн кармалган Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкулов тергөө абагына киргизилди.

Биринчи май райондук сотунан агенттикке билдиришкендей, Сазыкулов 11-майга чейин камакта болот.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, атайын кызмат тарабынан муниципалдык органдардын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык механизмдерди демонтаждоо боюнча жүргүзүлүп жаткан комплекстүү иштердин жүрүшүндө Бишкектин вице-мэри тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталган.

15 Апрель 2024 жыл 15:13
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча