БШК Матраимов менен Ражабалиевди депутаттык мандатынан ажыратты

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевди мөөнөтүнөн мурда депутаттык мандатынан ажыратты. Тиешелүү чечим БШК мүчөлөрүнүн мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетүү боюнча арызынын негизинде кабыл алынды.

Ошентип, Баткен жана Кара-Суу райондорунун бир мандаттуу округдарында мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт.

Искендер Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Раим Матраимовдун бир тууган агасы, Ражабалиев буга чейин Бажы башчысынын орун басары болуп иштеген.

22 Февраль 2024 жыл 17:24
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча