Чүйдө блогер кармады. Ал жол инспекторунан 60 миң сом талап кылган

Чүйдө интернет-блогер А.Жумагулова кармалды. Ал Чүй облусунун ИИББ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкеринен 60 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган.

КР УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Жумагулова жол инспекторуна Чүй облусунун Сокулук айылындагы мейманканалардын биринин аймагында кызматтык унаанын жүргөндүгү боюнча видеороликти таркатам деп коркутуп, акча талап кылган.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголган.

2023-жылдын 30-августунда ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө блогер А.Жумагулова 60 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып кармалып, КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

4 Сентябрь 2023 жыл 14:28

Тема боюнча