Окуучуларга баалар 4-класстан тарта коюлуп баштайт

Жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартына ылайык, башталгыч класстарда окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоо тартиби өзгөрүүсүз сакталат.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, 1-класстан 3-класска чейинки окуучуларга баа коюлбайт. Алардын жетишкендиктери сапаттык жана сыпаттык ыкмасы менен бааланат.

Ал эми 4-класстан баштап окуучулардын билимин баалоодо белгилер коюу системасы киргизилет.

Мындай ыкма башталгыч класстагы окуучулардын билим алуу процессине ыңгайлашуусуна шарт түзүп, алардын жетишкендиктерин ар тараптуу баалоого багытталган.

28 Июль 2026 жыл 12:30
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча