Кыргызстанда турак жайды камсыздандыруу боюнча жаңы талаптар бекитилди

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КР Граждандык кодексине, «Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» КР мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2026-жылдын 18-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты болуп турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү, камсыздандыруу механизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жана жарандарды өрттүн жана табигый кырсыктардын кесепеттеринен финансылык жактан коргоону камсыз кылуу саналат.

Алсак, мыйзам менен Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган:

1) КР Граждандык кодексине:

– милдеттүү камсыздандыруу камсыздандырылуучунун эсебинен жүргүзүлөт, мында милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында милдеттүү камсыздандыруу үчүнчү жактардын эсебинен жүргүзүлө турган учурлар каралышы мүмкүн;

– эгерде камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, ири жана өзгөчө ири тобокелдерди биргелешип камсыздандыруу үчүн биргелешкен камсыздандыруучулар биргелешкен иш жөнүндө келишимдин негизинде жөнөкөй шериктештерди (камсыздандыруу пулдарын) түзө алышат;

2) «Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» КР мыйзамына:

– »турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу пулу» жана «камсыздандыруу франшизасы» түшүнүктөрүнүн аныктамалары жаңы редакцияда баяндалууда;

– турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан исламдык камсыздандыруу принциптери (такафул) боюнча милдеттүү жана ыктыярдуу камсыздандыруу механизми киргизилүүдө;

– камсыздандыруу окуялары болуп таанылган учурлардын тизмеси жаңы редакцияда баяндалууда;

– камсыздандыруу пулун түзүү тартибин регламенттештирген 18-берене жаңы редакцияда баяндалууда.

28 Июль 2026 жыл 12:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча