Энергетика министрлиги энергетика тутумундагы абал боюнча маалымат берди

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүн 28-июлга карата өлкөнүн энергетика тутуму штаттык режимде иштеп жатат.

Өткөн суткада электр энергиясын керектөө 47,063 млн кВт·саатты түздү. Учурда электр тармактарында ашыкча жүктөмдөр жана технологиялык бузулуулар катталган жок.

Алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында өлкө боюнча электр тармактарынын объектилеринде пландуу оңдоо иштери улантылууда.

Пландуу оңдоо иштеринин графиги менен керектөөчүлөр «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын расмий сайтынан жана «Мой свет» мобилдик тиркемеси аркылуу тааныша алышат.

Энергетика министрлиги жарандарды, айрыкча электр энергиясы эң көп керектелген сааттарда, электр кубатын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат. Бул өлкөнүн энергетика тутумунун ишенимдүү жана туруктуу иштешин камсыз кылууга өбөлгө түзөт.

28 Июль 2026 жыл 13:53
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча