Ош облусунда жол инфраструктурасын жакшыртуу максатындагы иштер уланууда.
Транспорт министрлигинен билдиришкендей, 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, Араван районундагы Ноокат–Араван–Төө-Коргон унаа жолунун 9 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө каралган.
Учурда №44 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан жолго асфальт-бетондун биринчи катмары төшөлүп жатат.
Курулуш иштерине атайын жол куруу техникалары жана жумушчулар тартылып, иштер бекитилген графиктин негизинде жүргүзүлүүдө.
«Министрлик тарабынан өлкө боюнча жолдорду оңдоо жана жаңылоо иштери бекитилген планга ылайык улантылууда»,-деп айтылат билдирүүдө.
