Бишкекте Киев -Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде кыймыл жарым-жартылай жабылды. Себеби

Борбор калаада Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде транспорт кыймылы жарым-жартылай чектелди. Бул тууралуу «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасынан билдиришти.

Чектөө жылуулук тармактарын модернизациялоо жумуштарынын улантылышына байланыштуу болуп жатат. Адистер эски плиталарды демонтаждоо, жылуулук камерасынын жаңы жабуу плиталарын монтаждоо, жылуулук камерасын тазалоо жана жылуулук изоляциясы боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Ишканадан белгилешкендей, Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишиндеги жумуштардын мурунку этабы аяктады. Ал жерде диаметри 426 миллиметр болгон түтүк тилкеси алмаштырылды.

Шаар тургундарынан жана конокторунан каттамдарды пландаштырууда убактылуу чектөөлөрдү алдын ала эске алууну жана убактылуу ңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранышат.

27 Июль 2026 жыл 14:33
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча