Курулуш министрлиги тарабынан Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Кыя айылында заманбап жаңы мектептин курулушу жүргүзүлүүдө.
Ведомствонун маалыматына ылайык, объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери 2026-жылдын февраль айында башталган. Долбоордун жалпы наркы 265 миллион сомду түзөт.
Мектеп 375 орунга ылайыкталып, үч кабаттуу окуу корпусун, жыйындар залын жана бардык шарттары каралган спорт залын камтыйт. Имараттын жалпы аянты 3377 чарчы метрди түзөт. Жаңы мектеп пайдаланууга берилгенден кийин эки нөөмөт менен 750 окуучунун заманбап шартта билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт.
«Курулуштун ар бир этабы министрликтин көзөмөлүндө болуп, иштер «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө. Учурда экинчи кабаттын колонналарын орнотуу иштери аткарылууда»,-деп айтылат маалыматта.