“Кыргызстан аэропорттору” ААК жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатына коюлган талаптарды күчөтүп, кызматташкан жана Кыргызстандын аэропорттору аркылуу каттамдарды аткарган бардык авиакомпаниялар тарабынан овербукинг (ашыкча брондоо) практикасын колдонууга милдеттүү түрдө тыюу салат.
Аэропорттон билдиришкендей, бул чечим жүргүнчүлөрдүн укуктарын коргоо, авиациялык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана тастыкталган авиабилети бар жүргүнчүлөрдү ташуудан негизсиз баш тартуу учурларын болтурбоо максатында кабыл алынды.
Овербукинг — бул авиакомпаниянын аба кемесиндеги орундардын санынан ашык авиабилеттерди сатуу практикасы. Мындай ыкма айрым өлкөлөрдө кеңири колдонулганына карабастан, көп учурда жүргүнчүлөрдүн укуктарынын бузулушуна алып келип, аларды кийинки каттамды күтүүгө, пландарын өзгөртүүгө жана кошумча чыгымдарды тартууга мажбурлайт.
Буга байланыштуу “Кыргызстан аэропорттору” ААК Кыргызстандын аэропорттору аркылуу каттамдарды аткарган бардык авиакомпанияларга жүргүнчүлөр үчүн орундарды ашыкча брондоо практикасын толугу менен токтотуу жана сатылган авиабилеттердин саны аба кемесинин иш жүзүндөгү орундарынын санына толук шайкеш келишин камсыз кылуу талабын коёт.
«Бул талапты бузган авиакомпанияларга кызматташуу шарттарына ылайык катуу чаралар көрүлөт. Алар санкцияларды колдонууга жана мындан аркы кызматташтыкты кайра карап чыгууга чейин жетиши мүмкүн. Авиабилет сатып алган ар бир жаран аба кемесиндеги өз ордун ээлеп, негизсиз түрдө учуруудан баш тартууга кабылбастан, көздөгөн багытына учуп кетерине ишенимдүү болушу керек»,-деп айтылат маалыматта.