Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана динамикасы менен таанышты.
Райондун акими Жаныбек Исаков Мамлекет башчысына акыркы жылдардагы инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшү тууралуу маалымат берип, районду мындан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгиледи.
Анда кошумча иштөөнү талап кылган маселелерге өзгөчө көңүл бурулду. Тактап айтканда, райондо мамлекеттик ипотекалык турак жай куруу зарылчылыгы сакталууда — болжол менен 4 350 тургундун турак жай шарттарын жакшыртууга муктаждыгы бар. Долбоорду ишке ашыруу үчүн Чаек айылында аянты 2 гектар жер тилкеси бар.