Чек арачы коопсуздук эрежесин бузуудан улам каза болду

Баткен районунун чек ара отрядынын келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан аскер кызматкери 8-ноябрда спорттук иш чаралардын жүрүшүндө коопсуздук эрежесин бузуудан улам каза болду.

Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, спорттук иш-чаралардын жүрүшүндө 1996-жылы туулган прапорщик Ы. уулу С., баш мээсинен оор жараат алып, Баткен облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Бирок медициналык жардамга карабай көз жумган.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, факты боюнча тиешелүү органдарга маалымат берилип, окуя болгон жерге Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасынын өкүлдөрү жөнөп кетишкени кабарланды.

9 Ноябрь 2023 жыл 14:42
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча