Чет элдик номурлуу унаалар мыйзамдаштырыла баштады

Кыргызстанда чет элдик номурлуу унааларды мыйзамдаштыруу иштери башталганын Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик (мурдагы «Унаа» мамлекеттик мекемеси) билдирди.

Легалдаштыруу 1-апрелде башталып, 2025-жылдын 1-октябрына чейин созулат. Иш агенттиктин бардык аймактык башкармалыктарында жүргүзүлөт.

Мыйзамдаштыруу үчүн төмөнкү иштерди аткаруу керек:

аккредитациядан өткөн лаборатория тарабынан берилген транспорттун коопсуздугу тууралуу күбөлүк;

унааны сүрөткө тартуу менен визуалдык кароо жүргүзүлөт;

белгиленген формадагы арыз;

айдоочунун паспорту;

транспорт каражатынын каттоо күбөлүгү (эгерде бар болсо);

транспорт каражатына менчик укугун ырастоочу документ (бар болсо);

транспорт каражаты издөөдө эмес, күрөөгө коюлбаган, үчүнчү жактар талашып-тартышпаган, камакка алынбаган жана такси катары пайдаланылбагандыгы жөнүндө милдеттенме;

чек арадан өткөндүгү тууралуу күбөлүк. Ал жок болгон учурда транспорт каражатын ташып келүү күнү 2024-жылдын 31-декабры болуп эсептелет;

каттоо үчүн төлөнгөн жыйымдардын квитанциялары, атайын бланктар жана каттоо белгилери;

мыйзамдаштыруу үчүн 100 миң сом төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция.

Мыйзамдаштырылган унаа ээлерине 10-аймактын номурлары ыйгарылат.

Кошумчалай кетсек, бул унаалар мындан ары ээликтен ажыратылбайт жана Кыргызстандын чегинен тышкары экспортко чыгарылбайт, такси катары да колдонулушу мүмкүн эмес.

31 Март 2025 жыл 15:07
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча